Ош–Баткен–Раззаков жолунда асфальт басуу иштери аяктады
- 178 просм.
Ош–Баткен–Раззаков автожолунун 47-75-чакырымында (28 км) асфальт басуу иштери аяктады.
Эки тилкелүү жолдун курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, бүгүнкү күндө унааларга каттам берилди.
Жеринде бардык иштер долбоордук талаптарга ылайык жүргүзүлүп, азыркы тапта тротуар, жол чырактары, жол белгилери жана жол чийиндери сыяктуу кошумча иштер аткарылууда.
Эске салсак, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган. Асфальт төшөө иштери менен катар 3 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып колдонууга берилген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы