mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Орто-Сай – Флагшток унаа жолу асфальтталат

Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынан Флагшток багытына алып баруучу унаа жолу жана Флагштокко чыккан подъезди асфальтоого даярдык иштери башталды.  Жалпы узундугу 2,3 чакырымды түзгөн бул жол Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин алкагында каржыланып, жаңыланууда.

Жол куруу иштери Министрлик алдындагы №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Учурда жолдун негизин даярдоо, сүрүп кеңейтүү жана тегиздөө иштери жүрүүдө.

Иш-чаранын алкагында заман талабына жооп берген асфальт төшөлүп, жол инфраструктурасы жакшырып авто унаа кыймылынын сапаты жогорулайт.  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы