mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын шаарында 21 ички көчөгө асфальт төшөлдү

Нарын шаарынын ички жолдору асфальтталууда. Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен быйыл Нарын шаарындагы 39 ички көчөгө асфальт төшөө иштери каралган.

Бүгүнкү күндө 21 көчө асфальтталды. Калган көчөлөрдө жолдун негизги катмарын даярдоо жана асфальтка чейинки иштер уланып жатат.

Аталган иштер «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №8 жана №41 Жол тейлөө ишканалары тарабынан аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы