mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын облусунда жүрүп жаткан жол курулуш иштеринин түрмөгү

Нарын облусунун бир катар райондорунда мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жол куруу жана оңдоо иштери уланууда.

Атап айтсак:

Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды–Калинин жолунун 0-3- чакырымдар аралыгында асфальт басуу иштери каралган. Учурда жолдун негизи толук даярдалып, асфальт төшөө иштерин баштоого даярдыктар жүрүүдө. Иштер №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Нарын районундагы Казарман–Актал-Чат унаа жолунун 3 чакырым тилкесин асфальттоо пландалган. Учурда жолдун негизи даярдалды. Жумушту №18 ЖТИ жүргүзүүдө.

Кочкор районундагы Бердалиев көчөсүндө тротуар куруу иштери жүрүп жатат. План боюнча 3,43 чакырым тротуар каралган болсо, бүгүнкү күндө 1 чакырымына лоток жана бордюрлар орнотулууда. Иштерди №955 Жол тейлөө ишканасы аткарып жатат.

Ак-Талаа районундагы Акталчат–Жогорку-Май автожолунун 7 чакырымын асфальттоо пландалып, азыркы учурда жер иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, Жол тейлөө ишканалары тарабынан күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдар даярдалууда жана кышкы тейлөө иштерине багытталган пландар аткарылууда.

Ошондой эле, шагыл жолдорду тегиздөө жана тейлөө иштери улантылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы