Нарын: Ленин жана Шералиев көчөсүндөгү иштердин жүрүшү
- 101 просм.
Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жол курулуш иштери уланууда. Бүгүнкү күндө 6,6 чакырым жолго асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Ал эми калган тилкеде жер жумуштары, жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.
Аны менен катар тротуар бордюрларын орнотуу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотууга даярдык иштери аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.
Ал эми Ж. Шералиев көчөсүндөгү лоток орнотуу иштери жана жөө жүргүнчүлөргө ыйлайыкталган тилке (тротуар) бир тараптуу толук бүткөрүлүп, экинчи тарабында жумуштар уланууда.
Эске салсак, Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы