mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарындагы Ленин көчөсүнө асфальт басуу иштери уланууда

Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 3,3 чакырым аралыкка бир тараптуу асфальт басылды.

Долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.

Аны менен катар жарыктандыруу иштерине даярдыктар башталды.

Жеринде жалпы 104 техника жана 204 кызматкер иш алып барууда.

Ал эми Ж. Шералиев көчөсүндө кемчиликтерди жоюу иштери уланып, тротуар жана лотоктор орнотулууда. Ошондой эле, тротуардын негизи даярдалууда.

Курулуштун сапатына жана графиктин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлган.

Белгилей кетсек, Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы