Министр Сыргабаев Шералиев көчөсү боюнча «Бета групп» компаниясына акыркы эскертүү берди
- 83 просм.
Бүгүн, 24-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ж. Шералиев көчөсүндө жүрүп жаткан иштерди текшерип барды.
Ведомство жетекчиси жеринде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Бета Групп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, бардык кемчиликтерди кыска убакыттын ичинде толук жоюу тапшырмасын койду.
Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Шералиев көчөсүндөгү курулуш иштеринин сапатына байланыштуу аталган компанияга акыркы эскертүү берип, көзөмөл бардык тараптан күчөтүлө турганын белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы