Министр Сыргабаев Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү
- 75 просм.
Бүгүн, 23-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын шаарындагы Ленин жана Ж.Шералиев көчөлөрүнүн курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга облус башчысы, жол куруучу компаниянын өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана башка тийиштүү кызматтардын жетекчилери катышты.
Министр жол курулушун жүргүзгөн компаниянын иш көлөмүн аткаруудагы мүчүлүштүктөрү, курулушка тартылган техника жана жумушчуларды тактады.
Ошондой эле, Сыргабаев эл тарабынан айтылып жаткан сындар туура экенин белгилеп, «Бета групп» курулуш компаниясы Ж. Шералиев көчөсүн кемчиликтерди толук жоюп тапшыра турганын билдирди жана көзөмөл бардык тараптан жүргүзүлөрүн эскертти.
Мындан тышкары, аталган компанияны Ленин көчөсүнөн четтетүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Нарын шаарынын негизги Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 км ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы