Ленин көчөсүнө асфальттын экинчи катмары басылууда. Дрондон тартылган видео
- 137 просм.
Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Аны менен катар тротуар бордюрларын орнотуу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотууга даярдык иштери аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.
Ал эми Ж. Шералиев көчөсүндөгү лоток орнотуу иштери жана жөө жүргүнчүлөргө ыйлайыкталган тилке (тротуар) бир тараптуу толук бүткөрүлүп, экинчи тарабында жумуштар кызуу уланууда.
Эске салсак, Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы