mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ленинское-Кайырма-Молдовановка жолу асфальтталды

Аламүдүн районуна караган Ленинское-Кайырма-Молдовановка унаа жолунун 2 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады. Аталган жумуштар 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, министрликке караштуу № 39 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Айыл аралык каттамдарды жакшыртууга, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жол курулуш иштери бардык нормаларга ылайык аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы