mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Лебединовка-ГЭС 5 Жолу: Асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүүдө

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунда асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Азыркы тапта жолчулар тарабынан битум эмульсиясы чачылып жатат. Аз күндө асфальт басуу иштери башталат.

Аны менен катар суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, кеңейтүү жана негизги жолго катарлаш болгон Биримдик-Кут конушуна кирүүчү кошумча эки тилкенин негизин даярдоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, долбоордо тротуар куруу, жарыктандыруу жана учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулат. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат. Жолдун негизи курулушу быйыл аякташы мерчемделүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы