Комсомол–Барпы–Түрк-Абад жолундагы көпүрөнүн курулушу 80% аяктады
- 53 просм.
Комсомол–Барпы–Түрк-Абад унаа жолундагы темир-бетон көпүрөнүн курулуш иштери 80 пайызга аяктады. Учурда объектте жумуштар активдүү жүрүүдө.
Куруучулардын айтымында, жакынкы 10 күндүн ичинде иштер жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, Комсомол–Барпы–Түрк-Абад унаа жолунда жайгашкан көпүрөнүн туурасы 20,4 метрди, узундугу 12 метрди түзөт. Курулуш иштери быйыл июль айында башталган.
Жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы