Киберкоопсуздукту камсыз кылуу: Министрликте түшүндүрүү иш-чарасы өттү
- 74 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында киберкоопсуздукту жогорулатуу, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган алдамчылык аракеттердин алдын алуу жаатында түшүндүрүү, окутуу иш-чарасы өттү.
Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан уюштурулган иш-чарага ведомствонун борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Маалыматтык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чара суроо-жооп, талкуу форматында жыйынтыкталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы