Жол чийиндерине колдонулуучу термопласт чыгаруучу алгачкы завод ишке кирди
- 100 просм.
Кыргыз Республикасында биринчи жолу жол чийиндерин чыгарууда колдонулуучу термопласт өндүргөн завод ишке кирди.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси «Вокко» ЖЧКсы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында келишим түзүлүп, Сокулук районунда жайгашкан 1000м² кирпичтен тургузулган имарат өндүрүштүк база катары колдонууга берилген.
Учурда завод толук кандуу жабдылып, керектүү минералдык материалдарды (доломит ташы колдонулат) майдалоочу 2 тегирмен, заманбап өндүрүш линиялары жана сапатына жооп берген лаборатория менен камсыздалды.
Завод толук кандуу ишке кириши менен ички рынокту камсыздап, келечекте экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да карайт.
Буга чейин термопласт толугу менен импортко көз каранды болгон болсо, эми ɵлкɵдɵ өндүрүлүп, логистикалык чыгымдар кыскарып, жол чийиндеринин сапаты жогорулайт. Жеткиликтүү баада сунушталган термопласт жол курулуштарында кеңири колдонулуп, унаа кыймылынын шарттарын жакшыртып, жол коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аталган заводдон чыгарылган термопласт жогорку сапатка ээ болуп, 1 жылдык кепилдик жана 3 жылдык эксплуатациялык мөөнөт менен колдонулат.
Бул долбоор –Кыргыз Республикасынын инфраструктуралык өнүгүүсүндө стратегиялык мааниге ээ болуп, мамлекеттик жеке ɵнɵктɵштүктү жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы