mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу: Долбоорго даярдык көрүү боюнча талкуунун алгачкы протоколуна кол коюлду

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Нишигато Котаро менен биргеликте «Бишкек-Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу» долбооруна даярдык көрүү боюнча талкуунун алгачкы протоколуна кол койду.

Долбоор транспорттук байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош унаа жолунун 315-чакырымындагы көпүрөнү куруу аркылуу коопсуз кыймылды камсыздоо максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин натыйжасында 1974-жылы курулган көпүрө реконструкцияга муктаж экени аныкталган. Натыйжада Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жанына жаңы көпүрө куруу чечими кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Бишкек-Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу» долбооруна даярдык көрүү боюнча отчеттун мазмуну менен таанышып чыкты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы