mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Күнтуу-Шопоков жолу: Асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүп жатат

Бишкек-Кунтуу–Шопоков автожолунда реконструкциялоо иштери уланууда.

Учурда 0-6+700-чакырымдар аралыгында жумуштар жүрүп, асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө. Жолдун категориясы өзгөрүп, 4 тилкелүү болот.

Аталган жолду реконструкциялоо «Жол коопсуздугу» техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынуу менен параллелдүү долбоорлоонун негизинде курулууда.

Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы