Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолу: Асфальт төшөө иштери уланууда
- 129 просм.
Бишкек–Кунтуу–Шопоков жолунда асфальт басуу иштери уланууда. Бүгүнкү күндө Күнтуу айылынын кире беришинин 3,8 чакырым тилкесине бир тараптуу асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары, Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунун 5-чакырымында асфальт басуу иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерине 60тан ашуун атайын техника тартылып, 128 жумушчу жана инженердик-техникалык кызматкерлер эмгектенүүдө.
Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.
Долбоордо жолду 4 тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, жолду жарыктандыруу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы