mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Күнтуу-Шопоков жолуна асфальт басуу башталды. Министр Сыргабаев ишти жеринен көзөмөлдөдү

Бүгүн, 9-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Кунтуу–Шопоков автожолун реконструкциялоо иштеринен кабар алды.

Учурда 0-6+700-чакырымдар аралыгында жумуштар жүрүп, асфальт басылууда. Жеринде жалпы 128 кызматкер жана 60 техника иш алып барып жатат. Жолдун категориясы өзгөрүп, 4 тилкелүү болот.

Ведомство жетекчиси Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу максатында эки график менен иш алып баруу жана сапатка өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын койду.

Аталган жолду реконструкциялоо «Жол коопсуздугу» техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынуу менен параллелдүү долбоорлоонун негизинде курулууда.

Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы