Бишкек-Кант-Токмок жолу: Асфальт төшөө иштери уланууда
- 73 просм.
Бишкек-Кант-Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда. Азыркы тапта жумуштар Новопокровкадан Калинина көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, жолдун оң тарабында жүрүп жатат.
Ал эми Калининадан Лермонтова көчөлөрүнүн аралыгында жердин негизин даярдоо, бордюрларды жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жумуштары аткарылууда.
Эске салсак, буга чейин жолдун сол тарабына, тактап айтканда Новопокровкадан Лермонтовага чейинки тилкесине асфальттын биринчи катмары басылган.
Белгилей кетсек, Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгын (3,8 км) капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделип, анда асфальт төшөө менен катар көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы