Бар-Булак – Жылуу-Суу жолунун 4 чакырымы асфальтталды
- 91 просм.
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бар-Булак – Жылуу-Суу унаа жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү.
Курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 10 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
Жолдун жаңыланышы аймактагы тургундар үчүн гана эмес, эс алуу жана дарылануу максатында келген туристтер үчүн да чоң мааниге ээ.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы