mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Барскоон-Бедел жолунун курулушуна старт берилди

Жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзүп, Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон айылын кыргыз-кытай чек арасындагы Бедел көзөмөл ѳткѳрүү пункту менен байланыштырган жолдун курулушу дээрлик 5 жылга созулат.

Долбоордо жолдун категориясын өзгөртүү, 2 тоннелди жана 30дан ашык көпүрөлөрдү, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел тосмолорун куруу каралган.

Ошондой эле, жолдун бүткүл узундугу боюнча эки комплекстүү тейлөө зонасын куруу пландаштырылууда. Алардын негизги объектилери болуп унаа токтоочу жана май куюучу жайлар, электр унааларын заряддоочу станция, тейлөө объектилери, соода имараттары, ошондой эле жол тейлөө ишканалары үчүн кеңселер жана кампалар болот.

Транспорт каражаттары үчүн каттам 2029-жылдын күз айларында берилери болжолдонууда.

Эске салсак, 2024-жылы Барскоон-Үч-Турпан-Аксу эл аралык коридорун салуу жумуштары башталып, Бедел көзөмөл өткөрүү пунктуна барчу 58 км убактылуу жолдун курулушу ишке ашкан.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы