Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолу эки тараптуу ачык
- 89 просм.
2025-жылдын 24-август күнү кечинде саат 22:00-23:00дор чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 32-38-чакырымдар аралыгында (Кара-Талаа менен Шор-Булак айылдарынын ортосу) нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
Жерине дароо тиешелүү техникалар тартылып, 25-августка караган түнү саат 01:00до каттам берилип, жол эки тараптуу ачылган.
Азыркы тапта жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы