mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ашууларда кар жаап жатат

Министрлик унаа дөңгөлөктөрдүн кышкыга алмаштырууга чакырат

Бүгүн, 1-октябрга карата абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда жана ашууларда (Өтмөк, Төө-Ашуу) кар жаап жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты көзөмөлдөп, зарыл учурда тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Каттам бар, жол ачык.

Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга жана каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы