Ашууларда жол ачык. Министрлик унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат
- 122 просм.
Бүгүн, 13-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Ошол эле кезде министрлик тарабынан 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.
Урматтуу айдоочулар!
Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну унутпаңыз!
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы