mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ача – Кайынды – Май – Босого жолу асфальтталууда

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача – Кайынды – Май – Босого унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жумуштар министрликке караштуу № 20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Учурда 43-45-чакырымдар аралыктын 750 метр жерине асфальт басылды.

Белгилей кетсек, быйыл жай айларында жогоруда аталган жолдун 2 чакырым (14–16- чакырымдар аралыгы) тилкесине асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.

Жүргүзүлүп жаткан жумуштар жол инфраструктурасын жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүгө шарт түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы