“Ала-Тоо Резорт” курортуна кеткен жолдун курулушу кызуу жүрүүдө
- 109 просм.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” курортуна барчу жолду куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Бүгүнкү күндө Жыргалаң айылынан курортко кеткен 8,5 чакырымдык жолдо жер жумуштары, кеңейтүү, тегиздөө, таптоо иштери аткарылып, иш ыргагы 2 сменде уланып жатат.
Жол курулуш иштерине министрликке караштуу № 11 Жол тейлөө ишканасы тартылып, каражат мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен бөлүнүп берилүүдө.
Быйылкы жылы жер жумуштары менен жолду кеңейтүү иштерин аткаруу каралса, 2026-жылдын күз айларына чейин жолдун негизин даярдап, асфальт төшөөнү аткаруу пландалган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы