Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай тармактын мыктылары сыйланды
- 123 просм.
Жыл сайын октябрь айынын акыркы жекшембисине туш келген “Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө” карата тармактын мыктыларына Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.
Жол жана транспорт тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошкон кызматкерлер “К.Көлбаев” атындагы медаль, “Сиңирген эмгеги үчүн” жана “Кызматташтык салымы үчүн” медалдары, “Ардактуу жолчу”, “Ардактуу автотранспортчу” төш белгилери менен сыйланды. Ошондой эле, ишинен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамота жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Сыйлык ээлерин Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев куттуктап, эмгеги баалангандардын арасында көп жылдык тажрыйбасы бар дасыккан адистер менен катар аз да болсо мыкты иштеген жаш кадрлар бар экенин белгилеп өттү. Ал ошондой эле, өлкөнүн өргө карай багыт алышына кесипкөй, компетенттүү, демилгелүү жана жоопкерчиликтүү кызматкерлердин орду чоң экенин билдирип, алдыда дагы далай жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, ак ниет жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн министрликтин айрым кызматкерлерине Кыргызстан транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин сыйлыктары тапшырылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы