Чүй облусу: Сокулук-Жыламыш-МТФ жолу асфальтталды
- 149 просм.
Чүй облусундагы Сокулук-Жыламыш-МТФ жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери аяктады. Жумуштар министрликке караштуу № 1 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
Жалпы 40 чакырымды түзгөн бул жолдун быйыл 3-6-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган.
Эске салсак, былтыр Сокулук-Жыламыш-МТФ 3 чакырымы жасалган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы





