mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Чүйдөгү жол куруу иштери: Транспорт министри жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 7-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Чүй облусундагы жол куруу жана оңдоо иштерине байланыштуу кеңешме өттү.

Жыйынга Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, шаар мэрлери жана мамлекеттик администрация башчылары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө облустагы жол маселелери, реконструкция иштери жана бүгүнкү күндө аткарылып жаткан жумуштар кеңири талкууланды.

Ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринен угуп, министрлик менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргелешип, тыгыз иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Жыйын соңунда бир катар конкреттүү тапшырмалар коюлуп, алардын аткарылышы көзөмөлдө боло тургандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда 2025-жылы жалпы 300,4 км жол куруу пландалган. Анын ичинен капиталдык салымдар беренеси боюнча-259 км. Ал эми титулдук тизме боюнча- 41 чакырым.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы