mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Чуй облусу: Сокулук-Белогорка жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Сокулук-Белогорка унаа жолунун 2 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Жумуштар министрликке караштуу № 1 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Жалпы 49 чакырымды түзгөн бул жолдун быйыл 5,2-7,2-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган. Азыркы тапта жумуштар ортолоп, 1 чакырым жол жасалды.
Эске салсак, былтыр Сокулук-Белогорка жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлгөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы