Чолпон-Атанын борбордук көчөсү толук оңдолуп, туристтерди тосуп алууга даяр
- 202 просм.
Балыкчы-Чолпон-Ата -Корумду унаа жолунун 77,5-81,4-чакырымдар аралыгын, тагыраагы узундугу 3,9 чакырымды түзгөн тилкеси (Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү) толук реконструкцияланып, жумуштар жыйынтыкталды.
Жол оңдоо иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы жана “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.
Долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түздү. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлдү.
Долбоордо каралган 100дөн ашык суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол четинде лотокторду жана бордюр таштарды коюу, аялдамаларды жана жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайлар менен тротуар куруу, 2 көпүрөнү оңдоо иштери толук жыйынтыкталды. Ошондой эле, Чолпон-Атанын борбордук көчөсүн жарыктандыруу жумуштары аткарылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы






