Чолпон-Атанын борбордук көчөсүн асфальттоо иштери аяктады. Министр Сыргабаев Ысык-Көлдө иш сапары менен жүрөт
- 55 просм.
Бүгүн, 30-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.
Министр Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөө иштеринен кабар алды. Жеринде иштеп жаткан кызматкерлер менен баарлашкан министр калган башка жумуштарды өз убагынан кечиктирбей бүткөрүүнү тапшырды.
Учурда асфальт басуу иштери соңуна чыкты. Ал эми долбоордо каралган суу түтүктөрдү орнотуу, жол четине лотокторду жана бордюр таштарды коюу, жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайларды жана тротуар куруу иштери уланууда.
4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метрди түзүп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метр. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары, андан соң 6 см (ШМА) калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлдү.
Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Чолпон-Ата шаарына бир нече ирет барып, оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерүү менен жайкы сезонго чейин асфальт төшөө жумуштарын аягына чыгарууну тапшырган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы