Туристтик жайларга барчу жолдор жакшырууда. Базар-Коргон-Арстанбап жолунун 6 чакырымы асфальтталат
- 125 просм.
Базар-Коргон-Арстанбап автожолунун 33,4-39,4-чакырымына асфальт басуу иштери кызуу жүрүп жатат.
Жумуштар “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №50 жол тейлөө мекемеси тарабынан аткарылууда.
Жол куруу жана оңдоо иштери белгиленген талаптарга ылайык сапаттуу жүргүзүлүп, мөөнөтүндө аяктоо пландалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы