mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт министри Сыргабаев Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелге барды

21-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелге барды.

Ведомство жетекчиси Сыргабаев жеринде курулуш иштеринин жана материалдардын сапатына байкоо жүргүзүп, кошумча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте салынган объектинин узундугу — 3890 метр, туурасы — 10, 6 жана кеңейтилген участоктордун кеңдиги 14 метр. Ал эми бийиктиги — 8,5 метрди түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы