Транспорт министри Сыргабаев Баткендеги жол иштерин текшерди
- 171 просм.
27-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусуна иш сапары менен барды.
Анын алкагында ведомство жетекчиси Ош–Баткен–Раззаков автожолунун 364–370-чакырым аралыгына асфальт төшөө боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Абсаттар Сыргабаев Кайрагач–Кулунду–Арка жолунун Мурас айылы аркылуу өткөн 25 чакырымын асфальттоону тез арада жүзөөгө ашырууну тапшырды жана Самаркандек–Жети–Таш–Мурас жолунун абалы менен таанышты.
Мындан тышкары, министр 2016-жылы курулган асфальт заводун жакынкы күндөрү иштетүү маселесин көтөрдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
