mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт министри Сыргабаев Азия Өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар узак мөөнөттүү кызматташтыкты жана ишке ашып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

Министр Сыргабаев Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан өлкөнүн транспорт тармагына көрсөтүлүп жаткан туруктуу колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, министр артыкчылыктуу долбоорлордун бири болгон Бишкек — Ош автожолун, тактап айтканда Жалал – Абад-Өзгөн – Ош айланма жолунун участогун реконструкциялоону каржылоо маселесинде Азия өнүктүрүү банкы тарабынан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы