Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2025-жылдын 7-июлунан 25-июлуна чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 94-104-чакырымдар аралыгында жолдун бетин бодурлоо (шероховатая поверхностная обработка – ШПО) иштери жүргүзүлөрүн билдирет
- 126 просм.
Жумуштар дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин жолдун бир тарабында аткарылып, ал эми жума (түштөн кийин), ишемби жана жекшемби күндөрү жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү, унаа каттамын жеңилдетүү максатында жол толук ачылып турат.
Ушундай эле иштер Бишкек-Ош жолунун 80-130-чакырымдар аралыгындагы айрым тилкелерде да жүрүүдө.
Белгилей кетсек, бул ыкма стратегиялык мааниге ээ болгон жолдордун жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу, коопсуздукту камсыздоо жана эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу максатында колдонулууда.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Жолдун үстүңкү катмарын бодурлоо аба ырайынын температурасы 30-35°C жана андан жогору болгон учурда гана жүргүзүлөрүн баса белгилөө менен жогоруда аталган тилкелерде жол эрежелерин так сактап, алдын-ала коюлган белгилерге кылдат көңүл бурууга чакырабыз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы