Тоң-Мурун ашуусунда бороон болуп, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө
- 339 просм.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол көрүнбөй, катуу бороон болууда. Аймакты караган № 960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен үзгүлтүксүз тазалоо иштерин аткарып жатышат. Каттам бар.
Бирок абанын төмөнкү температурасынын кесепетинен оор жүк ташуучу унаалардын «аба» системалары тоңуп, жол тазалоо иштерине тоскоолдуктарды жаратууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эскертет!
Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз!
Эсиңизде болсун! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо — кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы