Токтогул-Беш-Таш жолунун 6 чакырымы асфальтталат. Министр Сыргабаев Токтогулда жергиликтүү тургундар менен жолукту
- 56 просм.
Бүгүн, 16-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сырбаев Токтогул районуна иш сапары менен барды.
Анын алкагында ведомство жетекчиси жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроо-талабын укту.
Жергиликтүү тургундар Токтогул-Беш-Таш жолун оңдоо зарылдыгын айтышты.
Министр Абсаттар Сырбаев аталган жолдун 6 км асфальттоо иштерин баштоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Жол оңдоо иштерин №23 жол тейлөө ишканасы жүргүзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы