mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Тегеран шаарында ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин 13-жыйыны өттү

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Ирандын борбору Тегеран шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 13-жыйынына катышты.

Жолугушууда чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, деңиз жана аба транспорту чөйрөсүндөгү келечектүү программаларды, транспорттук жана жүк документтерин электрондук алмашуу процесстерин санариптештирүү, ошондой эле туруктуу, “жашыл” жана коопсуз жүк ташууларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, ЭКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы автомобиль жана темир жол коридорлорун жана жалпы эле транспорт тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу кеп козголду.

Иш-чаранын аягында Тегеран декларациясына кол коюлду.

Белгилей кетсек, Экономикалык кызматташтык уюмуна Азербайжан, Ооганстан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан мамлекети кирет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы