mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Таш-Көмүр-Кызыл-Алма жолу оңдолууда. Жеринен тартылган видео

Таш-Көмүр – Кызыл-Алма автожолунун 3,8 чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө.

Жумуштар «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, бул тилке бир топ убакыттан бери каралбай жолдун абалы начарлап, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып келген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы