mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Талас облусу: Аманбаево – 2ф – Лущихина унаа жолу асфальтталды

Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаево – 2ф – Лущихина унаа жолунун 18-20-чакырымдар аралыгына асфальт төшөлдү. Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 6 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү. 

Жол оңдоо иштеринин жүрүшүндө эски асфальт катмары алынып, жолдун негизи даярдалган соң асфальт төшөө иштери аткарылды.

Жалпы узундугу 20 чакырымды түзгөн Аманбаево – 2ф – Лущихина жолунун 2022-жылдан бери жалпы 5 чакырымына асфальт басылды.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган жол калктуу конуштарды байланыштырган маанилүү каттамдардын бири болуп эсептелет. Жол оңдоо иштери транспорт каражаттарынын кыймылын жеңилдүү менен жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана жалпы жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы