Таласта Чоң-Капка-Ак-Таш-Майское унаа жолунун 2 чакырымы асфальтталды
- 118 просм.
Талас облусунун Манас районунда жайгашкан Чоң-Капка – Ак-Таш – Майское унаа жолунун 2 чакырымына асфальт төшөө иштери ийгиликтүү аяктады.
Жол оңдоо иштери «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №48 Жол тейлөө мекемеси тарабынан аткарды.
Алгач жолдун негизги катмары даярдалып, суу өткөрүүчү 11 түтүк орнотулду.. Учурда 2 чакырым аралык толук асфальтталып бүткөрүлдү.
Иш учурунда заманбап техника колдонулуп, сапатка өзгөчө көңүл бурулду. Жумуштар белгиленген мөөнөттө жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы