mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда асфальттоо иштери кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12-17-чакырымдар аралыгына 5 чакырым асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Учурда 3 чакырымына асфальт басылып бүттү.

Жол куруу иштери №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында бир тараптуу асфальт төшөө ыкмасы колдонулууда.

Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлү алдында жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү максаты коюлган.

 Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы