mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Сокулук району: Чаткүл-Төрткүл-Үчхоз унаа жолуна асфальт төшөлдү

Сокулук районундагы Чаткүл-Төрткүл-Үчхоз унаа жолунда асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган № 39 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы узундугу 18 чакырымды түзгөн жолдун 2-3-чакырымдар жана 7-8-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө каралган.

Унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жол оңдоо жумуштары бардык нормаларга ылайык аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы