Сокулук районундагы Александровка-Асылбаш унаа жолу асфальтталууда
- 306 просм.
Сокулук районундагы Александровка-Асылбаш унаа жолунун 2,5 чакырым аралыгына (14-16,5-чакырымдар аралыгы) асфальт төшөлүүдө. Жумуштар №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, жалпы узундугу 16,5 чакырымды түзгөн Александровка-Асылбаш жолунун былтыр 3 чакырымына асфальт төшөлгөн. Жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




