Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлүүдө
- 98 просм.
Нарын облусундагы Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №14 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Асфальт басуу иштери аяктаган соң жол кыймылы жеңилдеп, транспорт үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар жаралат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы