Чүй облусу: Совхоз-Фрунзе-РКООС жолу асфальтталды
- 69 просм.
Сокулук районундагы Совхоз-Фрунзе – РКООС унаа жолуна 1км 500 метр асфальт тɵшɵлүп бүтүп, жол тилкеси пайдаланууга берилди.
Аталган жол мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланып, №39 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
Белгилей кетсек, Совхоз-Фрунзе – РКООС авто жолунун 2 чакырымы 2024- жылдын курулуш мезгилинде асфальт тɵшɵлгɵн. Учурда жалпы пайдалануудагы авто жолдун 3км 500метри асфальтталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


