Ош облусу: Кульцентр-Кичи-Алай жолунда сел жүрүп, каттам убактылуу токтоду
- 42 просм.
Бүгүн, 19-май күнү таңкы саат 05:00дор чамасында катуу жааган жамгырдан улам Кульцентр–Кичи-Алай жолунун 14-чакырымында сел жүрүп, каттам убактылуу жабылды.
Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №21 Жол тейлөө ишканасы тарабынан сел түшкөн тилкени тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Кошумча маалыматтар берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы