mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу: Бир тараптуу каттам берилди

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел түшкөн тилкелер тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта жолду калыбына келтирүү, кеңейтүү иштери уланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-июнь күнү түнкү саат 23:00дор чамасында Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 131-чакырымында эки жерден сел жүрүп, жол жабылган. Жерине дароо #959 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылып, тазалоо иштеринин натыйжасында бир тараптуу каттам берилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы